БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 97 кишиден коронавирус аныкталып, төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Ооруну жуктургандар:
Бишкек – 53;
Ош шаары – 1;
Чүй – 23;
Ош облусу – 1;
Талас – 3;
Нарын – 1;
Ысык-Көл – 7;
Жалал-Абад – 5;
Баткен – 3.
"9-февралга карата төрт киши коронавирустан көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 199 714кө жетти. Анын ичинен 191 679 киши дартты жеңген.
Азыркы тапта ооруканада 684 адам жатса, 2 883 бейтап медициналык жардамды амбулатордук шартта алып жатканы айтылды.