Садыр Жапаров мурдагы Республикалык диагностикалык борборго барды. Сүрөт

Жапаров баарлашуунун жүрүшүндө анын бүгүнкү сапарынын максаты диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышуу жана аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурдагы Республикалык диагностикалык борборго барды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурдагы Республикалык диагностикалык борборго барды

2 / 5

Мамлекет башчы имаратты көрүп, эмгек жамаат менен баарлашкан

3 / 5

Ошондой эле мекемедеги кырдаал боюнча пикирлерди угуп, суроолорго жооп берген.

4 / 5

Дарыгерлер реорганизациялоо процессин токтотууну суранып, мекеме иш жүзүндө борбордогу балдар ооруканаларынын биринин филиалына айланарын билдиришти

5 / 5

Жапаров баарлашуунун жүрүшүндө анын бүгүнкү сапарынын максаты диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышуу жана аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү экенин белгилеген.

Мамлекет башчы имаратты көрүп, эмгек жамаат менен баарлашкан. Ошондой эле мекемедеги кырдаал боюнча пикирлерди угуп, суроолорго жооп берген.
"Дарыгерлер реорганизациялоо процессин токтотууну суранып, мекеме иш жүзүндө борбордогу балдар ооруканаларынын биринин филиалына айланарын билдиришти. Ошондой эле коммуналдык төлөмдөр, эскирген жабдуулар жана башка көйгөйлөр тууралуу айтып беришти", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров баарлашуунун жүрүшүндө анын бүгүнкү сапарынын максаты диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышуу жана аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү экенин белгилеген.
Жапаров жамааттын пикирин эске алуу менен президенттин администрациясына мекеменин иш багытын сактоо менен "улуттук" макам берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
ККМди түшүндүрдү… Садыр Жапаровдун "Дордой" менен "Ош" базарды кыдырган видеосу