БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусунда тартылган сүрөт интернетте мемге айланды.
Соцтармактын колдонуучулары эки лидер отурган узун столго түрдүү комментарийлерди жазып, улам жаңы тамашалуу сүрөттөрдү чыгарып жатышат.
Эске салсак, өлкө президенттеринин жолугушуусу 7-февраль күнү Москвада өттү. Сүйлөшүү беш сааттан ашык убакытка созулду. Алар Украинадагы кырдаалды жана башка маселелерди талкуулашкан.