93 киши илдет илештирип, төрт бейтап көз жумду. COVID статистикасы

Ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 301 кишинин абалы оор болсо, 58 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 93 кишиден коронавирус аныкталып, 308 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 38;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 43;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 199 617ге жетти. Анын ичинен 191 397 киши дартты жеңген. Тилекке каршы, өлкөдө өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде оору Бишкек менен Чүйдө төрт адамдын өмүрүн алган.
Азыркы тапта ооруканада 766 адам жатса, 2 995 бейтап медициналык жардамды амбулатордук шартта алып жатканы айтылды. Ооруканадагылардын ичинен 301 кишинин абалы оор болсо, 58 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирчү суусундуктар аталды
Радио
Сооронбаев: эми постковиддик синдром, реабилитацияга басым жасалат