Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүү үчүн Кытай акча бөлөт. Эскиздер

8 миллион сомго жакын каражатты Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү бөлүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабына кире берген жерде жашыл аймак пайда болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 4

Бишкектин батыш тарабына кире берген жерде жашыл аймак пайда болот

2 / 4

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына каражат бөлүү макулдашылган

3 / 4

Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкектин батыш тарабындагы кире беришин көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань (дээрлик 8 миллион сом) бөлдү

4 / 4

Бул акчага сквер курулуп, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү жашылдандырылат

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына каражат бөлүү макулдашылган.
"Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкектин батыш тарабындагы кире беришин көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань (дээрлик 8 миллион сом) бөлдү. Бул акчага сквер курулуп, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү жашылдандырылат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда туугандык байланыш түзүү боюнча меморандум кабыл алынган.
Бишкектин чок ортосун көрктөндүрүү планы жарыяланды. Эскиз
Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин кол коюлган документтер