АКШ президентинин кеңешчиси кол алдындагыларды басынтканы үчүн отставкага кетти

Басылманын маалыматына караганда, Ак үйгө эки айлык изилдөө жүргүзүлгөн. Натыйжада кызматкерлерге начар мамиле жасалган факты аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байдендин улук кеңешчиси Эрик Лендер кол алдында иштеген адамдарды басынтканы үчүн отставкага кетти. Бул тууралуу Politico жазды.
Ал кызматкерлерине орой мамиле жасаганына өкүнүп турганын билдирген.
"Мен отставкага кетип жатам... Азыркы жана мурдагы кесиптештериме жасаган мамилем менен зыян келтиргеним үчүн капаланып турам", — деген Лендер президентке жолдогон катында.
Басылманын маалыматына караганда, буга чейин Ак үйгө эки айлык изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында АКШнын Илим жана технология жаатындагы саясат башкармалыгынын директору Лендер кол алдында иштегендерге орой мамиле жасап, басынтканы аныкталган. Анын азыркы жана мурдагы 14 кесиптеши иште "начар чөйрө" түзүлүп калганын билдирген.
Аскердик робот-иттер АКШнын чек арасын кайтармакчы. Видео, сүрөт