Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин кол коюлган документтер

Өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында алты документке кол коюлду. Анда экспорт боюнча протокол дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 3-6-февраль күндөрү Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Жапаров Кытайга 3-февралда кеткен. Сапардын алкагында мамлекет башчы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолуккан.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;
2021-2024-жылдарга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;
Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопинден баштап Алыкулов, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.
Садыр Жапаров Кытайдан Кыргызстанга кайтып келди