Россияда кыргыз жигит бөбөктүн өмүрүн сактап калды. Түрк блогеринин алкышы

Оюнчуктун кичинекей бөлүгү бөбөктүн тамагына тыгылып, дем ала албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россиядагы аэропортто кыргызстандык жигит жаш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу түркиялык блогер Фатих Копаран Twitter баракчасына жазып чыкты.
Блогердин айтымында, бөбөк оюнчуктун кичинекей бөлүгүн оозуна салып алып ал тамагына тыгылып, дем ала албай калган.
"Мен алыс жакта тургам. Бир аял катуу кыйкырды, башында теракт болуп кеттиби деп ойлодум. Энеси жандалбастап баласын кармап калтырап-титиреп жатты. Анан кыргыз жигит чуркап барып, Геймлих ыкмасын колдонуп анын өмүрүн сактап калды. Болбосо ал чарчап калмак. Бөбөктү аман алып калган жигит окуя болгон жерден бат эле кетип калды. Мен андан "баары жакшыбы?" деп сурасам, "ооба" деп гана басып кетти", ― деп жазган блогер.
Ал көп өтпөй медиктер бригадасы келгенин кошумчалады.
Кыргыздар, азаматсыңар! Гусейндин таксистке ыраазы болгон билдирүүсү