БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 10-15-февраль аралыгында Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өтөт. Анда мамлекеттик чек ара боюнча делимитация жана демаркация маселеси каралат. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобун министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт.
Маалыматка караганда, өкмөттүк делегациялардын 2021-жылдын 1-майынан тарта алып барган ишинин жыйынтыгында чек ара линиясынын 81 чакырымы такталды.
"Кыргыз-тажик чек арасын тактоо учурунда 1924-1927 жана 1989-жылдардагы документтер колдонулат", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо маселеси эки айдан ашык убакыттан бери токтоп калган. Январдагы жаңжалдан кийин тараптар ал ишти жандантууну чечишти. Буга чейин Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода өкмөттөр аралык комиссия ишин 7-февралдан тарта баштай турганын билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө мунун жарымынан көбү такталган.