БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргыз тарап Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин карап көрүүнү сунуштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдиргени айтылат.
Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Мамлекет башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттарына токтолушкан.
Анда инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө кызматташтыкты жолго коюу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелери көтөрүлгөн.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эгер кытай тараптан оң жооп келе турган болсо, өлкө аймагында гидроэлектрстанцияларды курууга жана кубаттуулукту жогорулатууга кошумча инвестиция тартыларын белгиледи.