Коронавирустан үч бейтап каза болду, 64 киши өтө оор абалда. Статистика

Азыркы тапта коронавирустан 819 бейтап стационарда, ал эми 3 161 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өткөн суткада 83 кишиден коронавирус табылып, 380 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 63;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 6;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 199 519га жетти. Анын ичинен 191 089 адам дартты жеңген. Кечээтен бери оору үч бейтаптын өмүрүн алып, жалпысынан 2 905 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта 819 бейтап стационарда, ал эми 3 161 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 64 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Дарыгер "омикрондон" сакайып кетүү процессин кечеңдеткен тамактарды атады