Жапаров менен Ташиевдин жакындарыбыз деген шылуундар кармалды. УКМК видеосу

Өздөрүн мамлекет башчынын жана УКМК төрагасынын жакындары катары тааныштырган алдамчылар кармалды. УКМК бул тууралуу билдирип, окуянын видеосун таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Колго түшкөн жарандар Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүн коркутуп, ишкерлерди көзөмөлгө алышканы тастыкталганы айтылат.

"4-февралда өздөрүн президент Садыр Жапаровдун тууганы жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар киши катары тааныштырган адамдар товарларды ташып келүүнү кайра жандандыруу максатында УКМК кызматкерине пара сунуштап, 1 600 доллар өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, бир адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
УКМК жарандарды кыраакы болууга, өзүн ар кандай кызмат адамы катары көрсөтүп, тигил же бул маселени чечүү үчүн акча талап кылган шылуундарга алданбоого чакырат.
УКМК: Караколдо эки милиционер пара алып жаткан жеринен кармалды. Сүрөт