Садыр Жапаров Кытайдан Кыргызстанга кайтып келди

Мамлекет жетекчисинин сапары 3-февралда башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары соңуна чыгып, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Жапаров Кытайга 3-февралда кеткен. Сапардын алкагында мамлекет башчы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жапаров Кытайга жеке учак жалдап кетти. Маалымат кызматы себебин айтты