Радио

Камчыбеков: кен казуу экономиканын локомотиви боло алат

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков кен казуудагы мамлекеттик ишканалардын ролун айтып берди.
Sputnik
Кен казуу тармагы экономиканын локомотиви боло алат. Ал үчүн кен иштетүүнү мамлекет колго алып, ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Мындай пикирин Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Ал белгилегендей, буга чейин суудан башка кендер конкурс түрүндө берилип, ага каржылык тартыштыктан улам мамлекеттик ишканалар катыша алчу эмес.
"Кен казуу тармагын тескеген мыйзамга ылайык, суудан башка кендин бардыгы аукцион же конкурс түрүндө берилет. Сынакка иштетүү мүмкүнчүлүгү жана башка чыгымдар аныкталып белгилүү бир суммада каражат төккөн компаниялар катышат. Ошондуктан финансылык шарттарын көтөрө албай, тоо-кен тармагында иштеген мамлекеттик мекемелер катыша албай калууда. Президенттин ушул жылдын 29-январындагы №5 жарлыгына ылайык, 100 пайыз мамлекетке караштуу "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы жана "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Алар инвесторлор менен биргеликте ишканаларды ачып, кендерди иштетүү жолдорун караштырышы керек. Мындай тажрыйба бар. Алсак, Талды-Булак Сол жээк алтын кенин кытайлар, Терек-Сайды түрктөр, Макмалда дагы кытай инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүп иштеп жатат. Мисалы, 2020-жылдын жыйынтыгы менен "Кыргыз алтын" 1,2 миллиард сом, өткөн жылы 2,7 миллиард сом таза киреше менен чыккан. Ошондуктан кен казууну мамлекеттик компаниялардын жүргүзүшү боюнча демилгелерди колдоого алуу зарыл. Себеби 2017-жылы тоо-кен тармагы өлкө бюджетине 9,9 миллиард сом пайда түшүргөн. 2020-жылы бул көрсөкүч 18,2 миллиард сомго чыгып, өсүш дээрлик эки эсе болду. Ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы менен 23 миллиард сомду түзсө, 2022-жылга карата божомолдор боюнча 30 миллиардга чейин чыга алат", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле ал акцияларды чыгаруу жолу менен да кендерди иштетсе боло турганын кошумчалады.