Эки жашар бөбөктүн сабалышы: апасы жумуш берген киши менен жашап алган

Жабыркаган бөбөктүн атасы Акыйкатчы аппаратына кат түрүндө арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган эки жашар бөбөктөн кабар алып, ата-энесинен окуянын себептерин тактады.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, бала учурда Сокулуктагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланып жатат. Анын атасы Өзбекстандын 25 жаштагы жараны К.Н. 2013-жылы Кыргызстанга көчүп келген.
"Маектешүү учурунда ага жумуш берген 35 жаштагы С.А. аттуу киши Шопоков шаарында жашай турганын айтты. Ал анын балдарын ар дайым шылдыңдап, уруп, атасына дагы ушундай мамиле жасап, пневматикалык винтовка менен бир нече жолу бутка аткан. Жумуш берүүчүнүн мындай мазакташына К.Н. карыз болуп калып, андан кийин үй-бүлөсү дээрлик кулчулукка кабылганы негиз болгон", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркаган бөбөктүн атасы Акыйкатчы аппаратына арыз жазып С.А. аттуу кишинин үйүндө башка дагы адамдар жана бир жашы жете элек бала иштей турганын, алар дагы зомбулукка кабыларын билдирди.
Мындан сырткары, Азарбеков жабырлануучу бөбөктүн апасы, 21 жаштагы А.Ч. менен дагы маектешкен.
Зээнди кейитет! Атасынын таягынан энесин коргогон баланын видеосу
"Энеси ооруканага адвокаты менен келип, баласынын жанында калууга аракет кылды. Бирок жумуш берүүчү С.А. тарабынан зордук-зомбулук көргөнүн четке кагууда. Ал дем алыш күнү балдарын атасына калтырып кеткенин айтты. Деген менен алынган маалыматтар боюнча, А.Ч. күйөөсү менен чогуу жашабай калган. Ал жумуш берүүчү С.А. менен жашап, анын үйүнө кирип алган. Жубайлардын ортосунда дагы бир төрт жашар кызы бар", — деп жазылат маалыматта.
Аталган кырдаал Акыйкатчы институтунун тийиштүү профилинин көзөмөлүнө алынды. Анын алкагында балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүү, атасынын документтерин калыбына келтирүү жана башка укуктук жардамдар көрсөтүлө турганы айтылды.
Эске салсак, 3-февраль күнү кечинде Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган. Милиция кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармаган. Баланын ата-энеси анын малын карап иштечү.
Эки жашар бөбөктү сабады деген шектүү эркиндиктеби? ШИИБдин жообу