Кытай КРдин коопсуздук тармагына 50 млн. юань жана 5 млн. доза вакцина берет

Кытай тарап түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын коопсуздук тармагына ири суммада каражат берет. Бул туурасында Пекин шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу учурунда айтылды.
"Си Цзиньпин кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана коопсуздук тармагына 50 миллион юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алганын, түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди", — деп кабарлады мамлекет башчынын маалымат кызматы.
Ал эми Жапаров экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында жалпы капиталы 1 миллард долларды түзгөн Кыргыз-Кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштаган. Ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылоо багытында иштемекчи.
Жапаров Пекинде Цзиньпин менен жолукту. Талкууланган маселелер
Өлкөнүн биринчи адамдары эки жакка чыкканда чакан учакты пайдаланып турушат