Өлкөнүн биринчи адамдары эки жакка чыкканда чакан учакты пайдаланып турушат

Биринчи борт катары колдонулган Ту-154 учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан. Анын эскилиги жеткени бир нече жылдан бери айтылып келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев.— Sputnik. Кыргызстандын президенти жана жогорку делегациялар жакынкы келечекте чет элдик иш сапарларга чакан учакта учуп турушат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Азырынча делегациялар чакан учакта учуп турушат. Бирок мамлекет аны сатып албайт. Анын ордуна символикалык суммада ижара акысын төлөйт. Тагыраагы, бортту тейлөөгө жана күйүүчү майдын акысы берилет", — деди Султанбаев.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Пекинге жеке учак жалдап учуп кетти. Буга Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борттун эксплуатациялык мөөнөтү аяктаганы себеп болду.
Сөз болуп жаткан Ту-154 учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан. Анын эскилиги жеткени бир нече жылдан бери айтылып келе жатат.
ӨКМге жүк ташуучу самолет, тик учак жана дрондорду сатып алуу пландалууда
Пресс-борбор
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда