"Декабрда акча арттыра албайм, бирок январда сөзсүз тыйын топтой баштайм" деп өзүмө көп сөз бердим. Бирок айлар өтүп, жыл айланып, акча сактап коюу дале кыялымда гана жүрдү. Бир топ аракеттенип жана кыйла дасыккан адамдар менен баарлашуудан кийин гана бул ишти колго алдым.
Эмне үчүн акча сактоо абзел?
Тыйын чогултуудан мурун эмнеге акча сактоо керектигин түшүнүп алалы. Каражатыңыз сакталып турганы же "коопсуздуктун каржылык жаздыкчасы" бул учурларда сизге тирек болот:
капыстан иштен кетип же кирешеңиз кескин азайып кеткен учурда каржылык жаздыкча дал ушундайда кенен-кесир жашоого жол берет;
иш чөйрөңүздү (кесип) алмаштырууну чечкениңизде;
капыстан тооруган ооруга кабылып калсаңыз;
тезинен авто же батириңиздин ремонту талап кылынса.
Башкача айтканда, катылуу жаткан тыйын-тыпыр оор учурларда турмуш деңгээлин төмөндөтпөй кармап турат. Албетте, мында кийим-кечени жаңыртуу, кеме сатып алуу же чет өлкөдө эс алуу тууралуу кеп жок.
Дароо акча бөлүп коюу
Маянаңыз картаңызга которулуп же колго тиери менен сактала турган акчаны бөлүңүз. Эксперттер мындайда "алгач өзүңө төлө" деп коюшат. Өз мисалымды келтирейин. Бир нече банк аманатын ачкам. Экөөнө бирдей суммада акча салган элем. Бирок биринчисин толуктоого дээрлик эки жыл, экинчисине сегиз айдай убакыт кетти. Айырмасы – аларды кантип толуктап турганымда. Биринчи учурда карыздарымдан кутулуп, ата-энеме каралашып, каалагандарымды канааттандырган соң колумда калган акчаны да банкка салыш мага кыйын болчу десеңиз.
Алды-артымды ойлогон кезде гана, мындай өтө эле чанда болчу, аманат толукталчу. Экинчи учурда депозитке тийиштүү өлчөмдө кошмоюнча бир тыйын да сарптачу эмесмин.
Сумманы капчыгыңыздын калыңдыгына жараша аныктаңыз
Айрым эксперттер сактай турган каражат тапканыңыздын 10 пайызынан кем болбоого тийиш дешет. Дагы башкалары 20 пайыздан кеп кылышат. Бирок мында пайыз жана үлүшүнө карабастан кирешеңизге жараша сактай турган сумманы ченеп алуу дурус.
Эгер колго тийген каражаттын көп бөлүгүн сактасаңыз, өп-чап жашоодон тез эле жадап, бир күнү "тойдум байдын кызына" деп топтогонуңузду толугу менен сарптап салышыңыз да ыктымал. Анткен менен айына 200 сомдон бөлүп коюудан да майнап чыкпайт, андай кылсаңыз болбогон сумманы чогултууга да нечендеген жылдар керек. Бул кеңешибиздин төркүнү – аша чаппай чеги менен эбин таап алууда.
Акчаны оңой жерге койбоңуз
Бул кеңеш айрыкча каржылык тартиби чабал же акчасы чөнтөгүн "кытыгылап" тургандар үчүн пайдалуу. Андай да башымдан өткөн. Канча ирет өзүнчө катып коюуга тырыштым, бирок үйдө же башка бир картада сактачумун. Ар жолкусунда акча керек учурда эле аны пайдаланып жиберем. Натыйжада ар айда эле сактаган тыйынымдан дайын жок. Кудай жалгап досторумдун бири депозит ачууну сунуштап калбаспы. Ошентип акчаны дароо пайдаланып жибериштин жолу оорлошуп, тыйын чогултууга мүмкүндүк түзүлгөн.
Топтогон акчаңыз күйүп кетпегендей ыгын табуу
Акчаңызды өзүңүздөн оолак кармоо менен бирге эле бир аз киреше алып келчү жагын карап, мисалы, инфляцияны же анын бир бөлүгүн жапкандай болушу шарт. Башкача айтканда, акча жаздыгыңыздын алдында жата берсе бир жыл ичинде сатып алуу жөндөмүнүн он пайызын жоготорун эске алыңыз. Ар кандай жолдору: баалуу кагаздар, депозиттер, алтын сатып алуу (керектей турган арзыбаган акча үчүн бүтүндөй куйманы сатып отурбайсыз да, чынбы?).
Жети өлчөп, бир кесиңиз
Дүйнөдө акча топтоонун варианттары арбын. Ар биринде тобокелдик бар экенин эске түйүңүз. Депозиттерде азыраак болгону менен каржылык пирамида сымал багыттарда тобокелдик күч. Негизи эле бир гана эмес, тобокелдиктерден сактануу үчүн бир нече инструментке салган оң. Бул "диверсификация" деп аталат, бул боюнча да кенен токтолгон элек.
Буга чейин акчаны кантип үнөмдөө керектигин да айтып ой бөлүшкөн элек.