Суктанткан ирмемдер. Пекиндеги Олимпиаданын ачылышынан 21 сүрөт

Пекин шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болду. Салтанатка 95 өлкөнүн спортчулары катышты.
Sputnik
Олимпиада оту Пекин калаасындагы "Чымчык уя" деп аталган улуттук стадиондо жанды. Кытайлыктарды толкунданткан мындай көрүнүш мындан 14 жыл илгери болгон. Анда, 2008-жылы, Олимпиаданын жайкы оюндары өткөн. Бул сапар уюштуруу иштерин ал Олимпиаданын салтанатын татыктуу өткөргөн режиссёр Имоу Чжанга кайра эле тапшырышкан.
Кыргызстандын намысын талашууга лыжачы Максим Гордеев аттанса, анын ачылыш салтанатына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров барды.
Бул сапар олимпиада салтанатында кандай кызыктуу ирмемдер болгондугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.
1 / 21

Олимпиаданын ачылышы "Бир дүйнө – бир үй-бүлө" ураанынын алдында өттү. Режиссёрдун чечмелегенине караганда, ал азыркы тынч эмес замандагы биримдикти, адамзаттын бири-бирине ийинин тосуп туруу зарылдыгын эскертет

2 / 21

"Чымчык уя" деп аталган атактуу стадиондогу түстөрдүн шоусун дүйнөнүн чар тарабынан көрүп баалашты

3 / 21

Пекин жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды

4 / 21

Трибунада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы, биринчи айым Пэн Лиюань отурду

5 / 21

"Жоокерлердин" жакындан көрүнүшү

6 / 21

Пекиндеги Олимпиада-2022 жарчысы панда Бин Дунь Дунь болду. Уюштуруучулар анын жасалгасын жөнөкөй эместигин, жаңы технологияны, келечекте анын мүмкүнчүлүктөрү чексиз экендигин чагылдырып турганын айтышты

7 / 21

Салтанаттын өзгөчөлүгү эл алдына чыккандар кесипкөй актёрлор эмес, окуучулар, студенттер, Пекин шаарынын, Хэбэй провинциясынын жашоочулары экенин айтышты

8 / 21

Эң ири стадиондогу Кыргызстандын байрагы. Кыргызстандын аты аталганда өлкөнүн туусун көтөрүп спортчу Максим Гордеев чыкты

9 / 21

Олимпиада ээсинин туусу жана ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрү

10 / 21

Бир аз тарыхты эске сала кетсек, Олимпиада өткөрүүгө Алматы шаары теңтайлаша чыгып, добуш берүүдө Пекинге төрт балл жетпей калган. Ал эми башка Осло, Стокгольм, Львов жана Краков шаарлары андан мурда эле ар кыл себептерден улам тизмеден четтеген

11 / 21

Россиялык спортчулар менен делегациясы Россиянын олимпиада комитетинин желеги менен чыкты

12 / 21

Салтанаттагы көз жоосун алган ирмемдердин бири

13 / 21

Мурда айтылгандай, шоуга Пекиндеги жана ага жакын жайгашкан провинциялардын окуучулары катышты

14 / 21

Олимпиаданын ачылышындагы эсте каларлык, эң сонун ирмемдердин бири. Режиссёр менен жаңы технологиянын мыкты мүмкүнчүлүгү

15 / 21

Маанай көтөргөн, көздү кубанткан учур. Ар кыл өңдөрдүн жуурулушуп турушу көрүүчүлөргө позитив тартуулады

16 / 21

Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах спорт коомду бириктирүүчү ролду ойнорун баса белгиледи. Ал ушул күндөрү бөлүнүп, касташа турган заман эмес экендигин айтты

17 / 21

Канаданын курама командасы. Жапырт маска тагынышкан

18 / 21

Кыргызстандан намыс талашканы Пекинге бир гана спортчу, лыжачы Максим Гордеев барды. Ал Кыргызстандын, өз өлкөсүнүн туусун көтөрүп өтүп бара жатат

19 / 21

Трибунадан өз өлкөсүнүн өтүп бара жаткан спортчусун туруп тоскон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

20 / 21

Олимпиада оюндары 20-февралга чейин уланат. Кыргызстандык спортчу 16-февралда "слалом" менен чыгат

21 / 21

Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Пекиндин асманында атылган фейерверк