Алымкадыр Бейшеналиев жыйында спирт ичимдигин ичкенби? Министрликтин түшүндүрмөсү

Интернетке тараган видеодо анын маалымат кызматы комментарий берип, министр анда какырык чыгаруучу дары ичкен деп түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев жыйын учурунда спирт ичимдигин ичип жатат деп айтылып, тарап кеткен видео боюнча түшүндүрмө берди.
Видеодо Бейшеналиевге бир стаканга суу, бир стаканга түсү кока-колага окшогон, күрөң суюктук алып келип бергенин көрүүгө болот.
Министрликтен түшүндүрмө таратып, анда Бейшеналиевге дары алып келип беришкен деди. Интернетке тараган видеодо ал какырык чыгаруучу дары ичип жаткан деп билдирди.
Видеодо онлайн-жыйын болуп жатканы даана көрүнгөн. Жыйын үч сааттан ашык убакытка созулгандыктан министр ага дары алып келип берүүнү суранган.
Маалымат кызматы министрдин бул боюнча айтканын цитата түрүндө төмөнкүчө келтирген:

"Оорум өтүшүп кеткенде тезирээк дары ичишим керек. Мындай учур Жогорку Кеңеште дагы болгон. Анда дагы тезирээк дары ичишим керек эле. Бул учурга жыйынга катышып жаткан бир топ депутат, министрлер кабинетинин өкүлдөрү күбө болгон", — деген министр.

Буга чейин Бейшеналиев спирт ичимдигин колдонбой турганын айтып, корпоративде арак ичип жаткан сымал стаканга суу куйдуруп алам деп түшүндүрмө берген.
Саламаттыкты сактоо министрлигине барган митингчилердин талаптары. Тизме