Улуттук банк 156,6 млн. доллар сатты. Алтын валюта резервинин абалы кандай

Өткөн айда Улуттук банк эки ирет интервенция кылды. Жалпысынан бир ай ичинде банк 156,6 миллион доллар рынокко чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюта кору январь айында 215 миллион 160 миң долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.
Өткөн жылдын декабрь айынын соңунда 2 миллиард 977 миллион 560 миң долларды түзсө, январда 2 миллиард 762,4 миллион доллар болду.
Өткөн айда Улуттук банк эки ирет интервенция жасады. Анын биринде 86,5 миллион доллар сатылып, тарыхта рекорддук көрсөткүч катары кала берди. Жалпысынан банк январдын башынан бери 156,6 миллион доллар рынокко чыгарды.
Тарыхта Улуттук банктын резерви үч ирет 3 миллиард доллардан ашкан. Мындай учур алгач 2020-жылдын август айында, андан соң былтыркы жылдын сентябрь жана октябрь айларында катталган болчу.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Картасында кешбэги бар жана калдыкка пайыз кошкон банктар. Быйылкы маалымат
Улуттук банк 13,4 килограммга чейинки алтын куймаларын сата баштады. Чоо-жайы