Окумуштуу: Токтогул суу сактагычындагы абалды мөңгүлөр гана жөнгө сала алат

Илимпоз кошумчалагандай, кургакчылык — бул адам баласын санаага сала турган кубулуш. Бирок Кыргызстандын мөңгүлөрү болгон соң паникага алдыруунун зарылдыгы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. География илимдеринин кандидаты, Ломоносов университетинин доценти Виктор Поповнин Sputnik радиосунун эфиринде быйылкы кышта кардын аз болушу Кыргызстандагы суу сактагычтарга кандай таасир этерин түшүндүрдү.
Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул суу сактагычында суу аз болуп калышы мүмкүн экенин айтып, тынчсызданган.
Поповнин Бекмурзаевдин мындай тынчсыздануусун туура деп эсептей турганын айтып, бирок Кыргызстандын тоолорунда суу сактагычтарды толтура ала турган мөңгүлөр запасы бар экенин билдирди.
География илимдеринин кандидаты, Ломоносов университетинин доценти Виктор Поповнин
"Суу сактагычтар көпчүлүк учурда кардан көз каранды. Тагыраагы, мөңгүлөр нымдуулуктун негизги булагы болуп саналат. Ал эми Кыргызстан бийик тоолуу өлкө, андыктан кар аз болгон жылдары дагы мөңгүлөр эрип отуруп, суу сактагычтарды толтуруп коюшу мүмкүн", — деди адис.
Окумуштуу кошумчалагандай, кургакчылык — бул адам баласын санаага сала турган кубулуш. Бирок Кыргызстандын мөңгүлөрү болгон соң паникага алдыруунун кереги жок.
Эл менен талкуулаш керек! Министрлик Кыргызстанда АЭСтин курулушу боюнча үн катты
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү