Жүрөктү туйлатат: Олимп оюндарынын ар кыл жылдардагы ачылыш аземи видеодо

Ретроспектива 30 жылдан ашуун мезгилди камтып, тогуз Олимпиада оюнун көз алдыга тартат.
Sputnik
Эл аралык олимпиада комитетинин YouTube-каналына буга чейинки кышкы Олимпиада оюндарынын эсте калган элестүү учурларынын тандалып, топтолгон видеосу жарыяланды.
Ретроспективалык кадрлар анын жыл сайын, мезгилдин өтүшү менен аталган салтанаттын форматы, режиссурасы, техникалык жактан жабдылганы кантип өзгөрүп отургандыгын баяндап берет.
Анткен менен баштапкы, Пьер де Кубертен бекиткен кээ бир постулаттар кала берген, себеби аны мезгил өзгөртө да, өчүрө да албайт. Бул спорттук майрам ачылганда сөзсүз Олимп оту жанып, желектер көтөрүлүп, спортчулар антын айтып, көгүчкөндөр асманга коё берилип, Бетховендин "Кубаныч одасы" жаңырат.
Олимпиаданын ар бир уюштуруу комитети бул элементтерди кантип алып чыгуу, кантип көрсөтүүнү өздөрү чечет. Андыктан Олимп оюндарынын ачылышы — уюштуруучулар күнү тыным, түндөсү чырым этпей, терин төгүп чуркап элге тартуулаган өзүнчө бир кереметтүү, спорттук, саясий эле эмес, маданий бир салтанат. Аны миллиондор толкунданып, күтүп көрөт.
Бул видеодон Калгариде, Альбервилде, Лиллехаммерде, Наганодо, Солт-Лейк Ситиде, Туринде, Ванкуверде, Сочиде жана Пхенчанда Олимпиаданын кантип ачылганын көрсөтүп беребиз.
Тема боюнча:
Олимпиадачы Максим Гордеев Пекинге кантип жеткенин айтып берди. Видео, сүрөт
Кышкы Олимпиадага даярдык кандай жүрүп жатат. Пекинде тартылган 12 сүрөт