Нарын: 4 миңге чукул бала текшерилип, 135инен кургак учуктун белгиси табылды

Учурда илдет аныкталган балдарды дарылоо, кийинки изилдөөлөрдөн өткөрүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik
НАРЫН, 4-фев. — Sputnik. Нарын облусу боюнча кургак учукту жугузуп алуу тобокелдиги бар адамдардын тобуна кирген 3 825 бала текшерилип, алардын ичинен 135инен илдеттин белгилери табылган. Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдирди.
Бул иштер соңку эки айда жасалган. Алар тобокел тобуна кургак учук болуп ооруган бейтаптар менен дайыма байланышта болгон, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдары кирерин айтышты.
"Быйыл Нарын облусунда балдар арасындагы кургак учукту аныктоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Республикада биринчилерден болуп "Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо" сынамык долбоору Нарын облусунун аймагында жүзөгө ашты. Мындан улам тобокел тобуна кирген 3 825 бала жеринде медициналык изилдөөдөн өткөрүлүп, 135 баладан оорунун белгилери аныкталды", — деп айтылган билдирүүдө.
Маалымат кызматы учурда илдет аныкталган балдарды дарылоо, кийинки медициналык изилдөөлөрдөн өткөрүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кабарлады.
Бул демилге COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине жооп катары көтөрүлгөн.
"2020-жылы дарыгерлердин дээрлик бардык күч-аракети коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалгандыктан карантиндик чаралар, кыймылга чектөөлөр кургак учук оорусун аныктоого бөгөт болгон. Адистер кабарлагандай, мындай шарт жакынкы жылдарда кургак учук илдетинин кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн эле. Ошол себептен алгачкылардан болуп тобокелдик тобуна кирген балдар текшерүүдөн өттү", — деди маалымат кызматынан.
Билдирүүдө кийинки мезгилде балдар арасындагы кургак учуктун алдын алуу максатындагы мындай изилдөөлөр жүргүзүлбөй келгендиги да айтылган.
Радио
Акымбаева: бала убагында эмдөөдөн өтсө, жугуштуу илдеттерден корголгон болот