Олимпиадачы Максим Гордеев Пекинге кантип жеткенин айтып берди. Видео, сүрөт

Гордеев россиялык спорт комментатору Дмитрий Губерниев жана Казакстандын спортчусу менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргой турган жалгыз спортчу — тоо лыжачы Максим Гордеев Кытайдын Пекин шаарына барды.
Олимпиада бүгүн, 4-февралда, башталат. Кыргызстандык спортчу 16-февраль күнү жарышка чыгат.
Гордеев Instagram баракчасына россиялык спорт комментатору Дмитрий Губерниев жана Казакстандын спортчусу менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
"Олимпиада чынында эле Эверест сыяктуу, эң башкысы ага жетиш керек. Мен ал жерге келдим окшойт. Тест, сканер, датчик, код, көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүү беш саат убактыбызды алды. Биздин самолётто беш адам келди. Казак боордошубуздун ар дайым тосуп алганы жакшы", — деп жазган ал сторис бөлүмүнө.
Гордеевден сырткары Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында анын машыктыруучусу Игорь Борисов, миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) кызматкери Чолпон Жумагазиева бар. УОКтун президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да барган.
Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Лыжа тебүү спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, Кышкы эки универсиаданын, Эл аралык лыжа федерациясы (FIS) өткөргөн көптөгөн жарыштардын катышуучусу. Мыкты көрсөткүчтү FIS уюштурган 2018-жылдагы таймашта жаратып, 4-орунду алган. Жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.
Гордеев акыркы төрт жылда Иран, Армения, Швеция, Россия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) уюштурган спорттук таймаштарга катышкан. Маанилүү учурлардын бири 2021-жылы БАЭдеги квалификациялык турнир болду. Гордеев төрт старттын жыйынтыгы менен Олимпиадада слалом боюнча таймашуу укугун алган.
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында өтөт.
УОК Олимпиадага барчу команданын расмий формасын көрсөттү. Сүрөт