Дарыгер балдар коронавирусту көбүнчө кайдан жуктурарын айтты

Адистин айтымында, учурда балдар арасында коронавируска кабылгандардын саны өсүп, өзгөчө эки жашка чейинки бөбөктөр кыйналууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев.— Sputnik. Балдар коронавирусту көбүнесе чоңдордон, ата-энесинен жуктуруп жатат. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничнаяга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, учурда балдар арасында коронавируска кабылгандардын саны өсүп, өзгөчө эки жашка чейинки бөбөктөр катуу кыйналууда.
"Балдар мектепке, бакчага барып жатканына карабай коронавирусту өзү теңдүүлөрдөн эмес, көбүнесе ата-энесинен жугузууда. Бул нерсени уккан соң чоңдор өз саламаттыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек", — деди Пшеничная.
Адис кошумчалагандай, балдардын организми вирустар, өзгөчө сезондук инфекциялар менен таанышууга жетише электигине байланыштуу кандай гана оору болбосун ага каршы иммунитет катуу иштейт. Ошол себептүү бөбөктөр инфекциялык вирустарды жеңилирээк көтөрөт.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бала COVID менен ооруп калса эмне кылуу керектигин түшүндүргөн.
Бишкекте бүгүндөн тарта 4 мектеп, үч бала бакча карантинге жабылды