Радио

Надырбеков: ишкер, дарыгер, акындар баштаган мини-футбол турнири өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков түрдүү тармактын өкүлдөрү катышкан мини-футбол боюнча "Келечек" турнири өтөрүн айтты.
Sputnik
Мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, ишкерлер, журналисттер, блогерлер жана артисттерден турган иш-чара өлкөдөгү дене тарбия жана спортту жайылтууга багытталат. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, ар бир кесипти даңазалоо, патриоттуулукка үндөөдө спорттук мелдештердин ролу чоң.
"Жаштар арасында түрдүү тармактын өкүлдөрү катышкан мини-футбол боюнча турнирдин идеясы жакында гана өлкө президенти катышкан иш-чарадан улам чыкты. Мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, ишкерлер, журналисттер, блогерлер жана артисттер катыша турган иш-чара дене тарбия жана спортту пропагандалоо, ар бир кесиптин маанилүүлүгүн даңазалоодо чоң роль ойнойт. Сегиз команда катышкан турнир 5-мартта "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Курама командалар алдыңкы жаштардан топтолгондуктан мелдештин атын "Келечек" деп атадык. Анда спорттук компоненттер гана камтылбастан, маданий иш-чаралар да кошулат",— деди Надырбеков.
Ошондой эле адис жаштардын бакубаттуулугу жөнүндө индексин изилдеп, алардын муктаждыктарын аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.