Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

Аталган кызматты буга чейин Эрлан Абдылдаев ээлеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты Эрлан Абылдаев ээлеп келген. Ал элчи болуп 2020-жылдын июль айында дайындалган болчу.
Президент Замирбек Базарбековду Жогорку соттун төрагасы кылып дайындады
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев иштен бошотулду