Тамшандырган табигаттын эң мыкты 18 ирмеми

International Landscape Photographer of the Year эл аралык сынагына түшкөн сүрөттөрдүн ичинен калыстар тобу уникалдууларын, мыктыларын тандаган. Sputnik алардын бир катарларын топтоп, окурмандарга тартуулоону эп көрдү.
Sputnik
Пейзаждардын бул сынагы сегизинчи ирет өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулар 2020-жылдан тарта пейзажды тарткан фотографтардын куржуну бөксөрө түшкөнүн айтып келишет. Себеби пандемия саякатчыларга баары бир өзүнүн терс таасирин тийгизген. Калыстар тобу адат болуп калгандай мыкты деп тандаган 101 сүрөттү аныктайт да, ал эмгектер финалда катуу мукаба менен басып чыгарылат.
1 / 18

Бул сүрөт Сан-Францискодогу Марин округунда, Тамалпаис тоосунда тартылган. Фотограф Танмая Сапкаланын эмгеги

2 / 18

Түркиядагы Каппадокиянын тоолору. Автор Атек Четин

3 / 18

Австралиядагы пейзажды автор "Чагылдыргыч" деп атаган. Фотограф - Бен Гуди

4 / 18

Австралиядагы кумдуу тайыздык. Автор - Том Путти

5 / 18

Кадр фотограф Дэвид Агуйларга таандык. Франциядагы токойдун эртең мененки көрүнүшү

6 / 18

"Коллапс". Америкалык фотограф Гавин Хардкастлдын мыкты деп табылган эмгектеринин бири

7 / 18

Уникалдуу кадр! Эбегейсиз чоң дүйнө жана керек болсо, ааламды өзгөртчү касиетке ээ болгон адам баласынын көрүнүшү. Эмгекти Jade Lv каймана аты бар фотограф тарткан

8 / 18

Италиялык фотограф Road To Heaven бул сүрөтүн "Бейишке карай жол" деп атаган

9 / 18

Исландиядагы "Тозоктун түбү". Фотограф жанар тоону тарткан сүрөтүнө ушундай ат берген

10 / 18

Россиялык фотограф Евгений Ивановдун "Катып калган кум дөбө" аталышындагы эмгеги

11 / 18

Жомок дүйнө! Альпы француз фотографы Макс Ривдин көзү менен

12 / 18

Австралиялык фотограф Притхви Бхаттачарьянын асмандан тарткан сүрөтү

13 / 18

Тоолуу чокунун үстүндөгү булуттар. Япон фотографы Такеша Накадзаванын "Жибек шляпа" деп аталган сүрөтү

14 / 18

Токой... Британиялык фотограф Simon Turnbull тарткан ирмем

15 / 18

Пейзаж. Фотограф Седрик Тамани тарткан сүрөт

16 / 18

Австралиялык фотограф Крис Кирби тарткан ирмем

17 / 18

Токой жана кар. Немец фотографы Ханер Махаллетанын эмгеги

18 / 18

Италиядагы кыш. Италиялык фотограф Миммо тарткан сүрөт

Тема боюнча:
Индиядагы калың кар, Кытайдагы аязда сууга чумкугандар. Аптанын 17 ирмеми
Өзгөндө тартылган аламан улак да бар. Эл аралык сынактын 18 сүрөтү
Башка дүйнө. Суу алдындагы жаныбарлардын өзгөчө сүрөттөрү