Кассалык чек беришин талап кылгыла! Салык кызматы жарандарга кайрылды. Видео

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырды. Ар бир чекене соода жүгүртүү же кызмат көрсөтүүдө чек берилиши керектигин белгилейт.
Sputnik
Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат.
Бирок кардарларга слип-чек же эквайринг-чек сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилип жатканы айтылды. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана ал кассалык чек болуп саналбайт.
Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тагыраагы, анда төмөнкүлөр болушу абзел:
субъект жөнүндө, башкача айтканда сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;
төлөөнүн формасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар;
сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код.
Салык кызматы жарандарды эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кассалык чек берилбеген фактылар тууралуу (0312) 61-31-89 ишеним телефону же (0779) 61-31-89 (WhatsApp) мобилдик номери аркылуу кабарлоого чакырат.