Садыр Жапаров Кытайга ким менен учуп кетти. Делегациянын курамы

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Президентти коштоп кеткендердин тизмеси:
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Садыр Жапаров Кытайга барат. Си Цзиньпин менен сүйлөшчү маселелер