Пресс-борбор

Адис: Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 113 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган 366 миң бала мамлекет тарабынан жөлөк пул алары белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Мектептердеги чатактар: мугалим менен балдарды кантип коргоо керек?" аттуу тегерек столго катышкан.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова
Билим берүү жаатындагы көйгөйлөрдү айтып жатып Рысбекова калктын турмуш шарты тууралуу дагы кошумчалады.
"Акыркы эки жылда жакырчылыктын деңгээли өсүп кетти. Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Бул 800 миң бала. Мектептеги билим деңгээлин көтөрүү үчүн бир катар маселелерди чечүүгө туура келет. Анын ичинде жакырчылык көйгөйү дагы бар", — деди адис.
Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 113 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган 366 миң бала мамлекет тарабынан жөлөк пул алары белгилүү болгон.
Пресс-борбор
Педагог мектептерде рэкетчилик токтоп, башка көйгөй пайда болгонун айтты