Сот Курсан Асановду үй камагына чыгарды

Кечээ шаардык сот Асановдун октябрь окуяларына карата козголгон иш боюнча баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок ал башка ишке байланыштуу камакта калган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Асановдун үй камагына өзгөргөн бөгөт чарасы 15-мартка чейин деп тандалган.
Кечээ шаардык сот Асановдун октябрь окуяларына карата козголгон кылмыш иш боюнча баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан камакта калган.
Экс-чиновник 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалып, өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу №50 тергөө абагына камакка алынган.
Активист Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты