БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара колдонууну талап кылды.
Эл өкүлү Нурлан Шакиев аткаминер берген маегинде парламенттин дарегине катуу сындарды шакаба катары айтканына нааразы болду. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция жасашы керектигин белгиледи.
"Эдил Байсалов биздин парламентке ыксыз обу жок, шакаба, шылдың сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок. Бизге акыл үйрөтүп, парламент кандай иштеши керектигин үйрөтө турган ал жигит эмес. Капталдан чыккан балакай баатыр боло бербесин. Парламенттин ички иши, регламенти бар. Эл шайлаган депутаттар отурат бул жерде, биздин үстүбүздөн шылдыңдап күлгөнгө эч кандай этика дагы жол бербейт. Биз ага катуу эскертүү, сабак берип коюшубуз керек", — деди Шакив.
Мындан улам депутат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Байсаловду тартипке чакырып коюшун талап кылды.
Анын пикирин кесиптеши Исхак Масалиев дагы кубаттап, Байсаловго чара колдонуу керектигин айтты.
Ал эми Өмүрбек Бакиров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзүн пиарлабай, негизги жумуштарын аткарууга чакырды. Андан көрө өзү тейлеген социалдык сектордогу көйгөйлөрдү чечүү менен алектенишин талап кылды.
Андан соң төрага Талант Мамытов президенттин өкүлүнө кайрылып, бул маселе боюнча кийинки жыйында расмий жооп керектигин айтты.