Радио

Астапаев: Таласта РКӨФтүн жардамы менен ГЭС курулат

"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев "Киров" суу сактагычына курула турган ГЭСтин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Жылдын этегине чейин Бала-Саруу ГЭСи курулат. Анын кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун жалпы наркы 22,9 миллион доллар.
"Бала-Саруу ГЭСи Таластагы Киров суу сактагычына курула баштады. Өткөн жылдын 29-августунда президенттин катышуусунда аталган ГЭСтин курулушуна капсула салынган. Министрлер кабинети тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, ГЭСтин курулушу "Чакан ГЭС" ААКсына тапшырылган. Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, долбоорго 22,9 миллион доллар керектелет. Мунун бир бөлүгү компаниянын бюджетинен каржыланып, калганын Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан насыя түрүндө алуу мерчемделүүдө. Долбоор 2022-жылдын декабрына чейин жыйынтыкталат. ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт. Учурда өлкөдөгү энергетикалык тартыштыктан улам ГЭСти тез арада салып бүтүү тапшырылган. Учурда тийиштүү тендерлер өткөрүлүп, 68 миллион сомго долборлоо-сметалык документтер даярдалууда. Мындан тышкары, жабдыктарды сатып алуу үчүн тендер жарыяланды", — деди Астапаев.
Ошондой эле ал Киров суу сактагычы модернизациядан өткөрүлө турганын кошумчалады.