Жогорку сот менен Конституциялык соттун төрагалыгына талапкерлердин аты аталды

Талапкерлерди Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап колдоп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун жетекчилигине Эмил Өскөнбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Алардын талапкерлиги бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, жактырылды.
Замирбек Базарбеков мурда президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. 2020-жылдын декабрь айында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Жогорку соттун судьясы болуп да эмгектенип жаткан.
Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык соттун төрагасынын орун басары катары иштеп келген.
Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүүгө арыз жазды
Жогорку соттун төрайымы иштен кетүү боюнча арыз жазды. Себеби