Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков кызматынан бошотулду

Рустенбековду жумуштан алуу жарлыгына мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Рустенбеков 2018-жылдын декабрь айынан бери Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматын аркалап келет. Ага чейин ал өлкөнүн Казакстан, Түркмөнстан мамлекеттериндеги элчилигин да жетектеген.
Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүүгө арыз жазды