БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Өлкөдө акчанын көлөмүнүн көбөйүшүнө постпандемиялык калыпка келүү таасир этти. Бул тууралуу Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын жетекчиси Азат Козубеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Ага эмне себептен акчанын саны боюнча рекорд улам жаңырып жатканы тууралуу суроо узатылды.
"Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн экономикасындагы акчанын көбөйүшүн постпандемиялык калыпка келүү шарттады. Мисалы, 2020-жылы Кыргызстанда мамлекеттик бюджетте чоң дефицит жаралган. Бул нерсе мындай тенденциянын бекемделишинин негизги себеби. 2021-жыл ичинде өлкө экономикасындагы акчанын көлөмүнүн өсүшү анча олуттуу болгон жок. Жалпы жонунан жогорку деңгээл 2020-жылы бекемделген", — деди Козубеков.
Башкармалыктын жетекчиси АКШда, Канадада жана бир катар Азия мамлекеттеринде акчанын көлөмү Кыргызстанга салыштырмалуу алда канча ири масштабда экенин кошумчалады.