БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жабык эшик артында ЖК депутаттарына №39 протокол боюнча маалымат бергенин айтты.
Ал эл өкүлдөрүнө аталган протоколду окуп, маанисин түшүндүрүп бергенин белгиледи.
"Ал протокол боюнча эч качан Ворух анклавына коридор берилбейт, эч кандай ашыкча жолдор курулбайт. Ак-Сай айылынын чыгыш тарабынан берүүгө макулдашкан жол ошол аксайлыктардын өзүнүн, Ворухка кирип-чыгып жаткандардын коопсуздугун сактайт. Бирок "ал жолдун статусу эки өлкөнүн мамлекеттик келишими менен аныкталат" деп турат. Статусун аныктоо президенттерге гана таандык болот. Биз сунуш беребиз", — деди Ташиев.
Ошондой эле УКМК төрагасы ал кимге таандык жол болуп, кайсы аймактан өтөт, узундугу кандай болот, ким куруп, ким тейлей турганы келишимде көрсөтүлөрүн кошумчалады.