Шаирбек Ташиев бүгүн жыйынга келип, мандатын тапшырбай турганын айтты

Депутат мандат боюнча кийинчерээк расмий билдирүү жасай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшырбай турганын айтты.
Ал парламенттин бүгүнкү жыйынына түштөн кийин келген. Журналисттер мандатын тапшыруу тууралуу комментарий беришин сураганда кийинчерээк расмий билдирүү жасай турганын айтты.
"Мандатын тапшырбайт экен деп жаза бергиле", — деген жооп менен чектелди.
Белгилей кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан "Кыргыз мунай газ" мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген. Анда бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин айтып, иниси Шаирбек менен мандатын тапшырууга макулдашканын билдирген.
Аталган маселени тыкыр иликтеп чыгуу үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы төрага Талант Мамытовго да кайрылган.
Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган болчу.
БШК Орозайым Нарматованын мандатын Айгүл Айдаровага өткөрүп берди