БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен үч күнгө коңшу өлкөгө барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаевдин айтымына таянып маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш сапар 3-февралдан 6-февралга чейин пландалган.
Кулубаев белгилегендей, мамлекет башчы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат.
"Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандантуу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары, кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууга ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр", — деген Кулубаев.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулай турганы маалым болду.
Белгилей кетсек, буга чейин президент иш сапарга байланыштуу аралыктан иштөөгө өткөн.