Курсан Асановдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөрдү. Бирок абакта калат

Бийликти күч менен басып алууга шектелген Асанов былтыр сентябрь айында кармалып, өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу абакка камалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун октябрь окуяларына карата козголгон иш боюнча баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Бишкек шаардык сотунун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.
Анын айтымында, Асановго карата дагы бир кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан ал кайра эле камакта калтырылган.
Асановдун адвокаты Таалайкүл Токтакунова экс-министр кайсы иш боюнча камакта калганы тууралуу Sputnik Кыргызстанга кыскача маалымат берди.
"Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан камакта калды", ― деди Токтакунова.
Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалып, өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу №50 тергөө абагына камакка алынган.
Ага чейин Асанов 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча эки жолу кармалып, эки жолу үй камагына чыккан.
Активист Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты