Радио

Абылкасымова: IT-хаб түштүктө маалымат технологияны өнүктүрөт

Оштогу креативдүү IT-хабдын башкы менеджери Гүлнур Абылкасымова аталган жай келечекте түштүк аймактын IT тармагын илгерилеткен флагман боло аларын айтты.
Sputnik
IT-хаб өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү жайы болуп саналат. Жаштарды тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк шарттарга даярдап, санариптик көндүмдөр чөйрөсүндө билим берүү системасын бекемдөөгө жана жаңы билим берүү стандарттарын колдонууга багытталган. Бул тууралуу Гүлнур Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, IT-хабда ар кайсы аймак, өлкөдөн келип иштеген фрилансерлерге шарт түзүлгөн.
"Креативдүү IT-хабдын имараты эки кабаттан жана 25 бөлмөдөн турат. Анда чоң жана кичине конференц-залдар бар. Бизде ылдамдыгы секундасына 100 мегабитке жеткен туруктуу кең тилкелүү интернет байланышы, ошондой эле үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздаган генератор бар. Санариптик жөндөмүн өркүндөткүсү келгендер гана эмес, келечектүү кесипти үйрөнүүнү каалаган балдар да келишет", — деди Абылкасымова.
Ал аталган жай креативдүү экономиканын, анын ичинде санариптик көндүмдөрдү жана ишкердик чөйрөлөрүндөгү бардык кызыкдар бенефициарлар үчүн онлайн вебинарлар, бизнес-тренингдер жана гибриддик иш-чаралар үчүн аянтча болорун кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: