Техникалык регламенттерге жооп бербеген вагондордун саны көп. Талапка ылайык келген вагондорду сатып алуу жана темир жолунун рельстерин жаңылоо — учурдун талабы. Бул тууралуу Улан Бообеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз темир жолу" тиешелүү долбоорлорду ишке ашырып, абалды жакшыртууга жетишсе ЕАЭБ алкагында көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.
"Бизде темир жолго тиешелүү үч техникалык регламент каралган. Анын экөө иш жүзүндө жарактуу болсо, үчүнчүсү 100 чакырым сааттан жогору ылдамдыктагы вагондорго тиешелүү болгондуктан бизде иштебейт. Бул техрегламенттер жаңы иштелип чыккан продукцияга гана тиешелүү. Мисалы, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталса техникалык регламенттерге жараша көзөмөл жүргүзөбүз. Учурда жүк ташыган, эл ташыган вагондордун паркын алмаштыруу зарылдыгы жогору. Талапка ылайык келген вагондорду сатып алуу жана темир жолунун рельстерин жаңылоо учурдун талабы", — деди Бообеков.
Ошондой эле адис Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу ири долбоор болгондуктан өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң кадам болорун кошумчалады.