Sputnik Кыргызстан редакциясында "Бакыт ордосу" борборунун педагог-психологу Айнек Муратбекова болуп, бала тарбиялоодогу негизги төрт ыкма тууралуу айтып берди.
— Ушуга чейин бала тарбиялоодо эки ача пикир айтылып келет. Бири балага чоң адамдай мамиле кылып, анын да оюн сыйлап, эркин болушу керектигин айтышса, экинчилери салттуу тарбияны оң деп эсептешет. Негизи кайсы көз карашты кармануу туура?
— Тарбиялоо процесси туура же туура эмес деп бөлүнүп, идеалдуу бир методду камтыбайт. Баланын кандай үй-бүлөдө чоңоюп жаткандыгы, баалуулуктары, ишеними, социалдык-экономикалык абалынын баары тарбияга таасир этет. Ал үй-бүлөнүн өзгөчөлүгүнө да жараша болот. Ар бир ата-эне бала тарбиялоо методунда илгертен келе жаткан салт-санаага, өздөрү көргөн таалимине таянышат. Ошондуктан тарбия ар тараптуу болот. Анын эң бир идеалдуу жолу ушул деп адистер да сунуштама бере албайт. Анткени баланын кулк-мүнөзүнө, өзгөчөлүгүнө, табиятына жараша гана багыт беребиз. Негизи тарбия башаты ата-эне болгондуктан ошолор менен иштешүү керек. Бала тарбиялоо өмүрлүк жар тандоодон башталат. Эки адамдын көз карашы, билими, баалуулуктары, жубай катары мамилесинин баары балага таасирин берет. Буга генетиканын, ата-энесинин, чөйрөсүнүн таасири күч. Анан убакыт өткөн сайын адам изденип өзгөрөт, өнүгөт.
— Тарбиянын түрлөрү тууралуу айтып берсеңиз? Сиздерге көбүнчө кайсы маселе менен кайрылышат?
— Негизинен алты багыты бар. Бирок көпчүлүк жерде төрт стилин айтып жүрүшөт. Булар авторитардык, демократиялык, либералдык жана хаоско алып келүүчү башаламан стиль. Мисалы, авторитардык стилде ата-эне дайыма бийлик жүргүзүп, балага жоопкерчилик артып "кылышың керек, мен чоңмун, сага айтып жатам" деп буйрук бере берет. Көпчүлүгү баласынын кичинекей эле катасы үчүн какыс-кукус кылып жаза колдонуп коёт. Мында ата-энеси кичинекейинен жетпей калган максаттарын, кыялдарын баласына таңуулап, "доктур бол, мугалим болушуң керек" дейт.
Ал эми демократиялык ыкма — бул эркиндик. Бирок мында бала каалаганын кылат деген түшүнүк жок, болгону үйдө чечим кабыл алууда индивид катары баланын да ою суралат. Ага тандоого уруксат берилет, бирок көзөмөл менен жоопкерчилик да бар. Анын эркиндиги басмырланбайт, башка адамдарды сыйлоого багытташат. Демократиялык стилди көбүнчө либералдык менен алмаштырып алышат.
"Бакыт ордосу" борборунун педагог-психологу Айнек Муратбекова
© Фото / предоставлено Айнек Муратбековой
Либералдык стилде баланын жасайм деген нерсесине "жок" дебестен, "мейли жасай берсинчи, бул бала да, кийин үйрөнүп алат" деп коюшат. Мында баланы ашыкча камкордукка алып, жыгылып кетсе да чуркап барып өздөрү тургузуп жатып, акырында чечим чыгара албаган жетеленме адамга айлантышат.
Акыркы ыкма — хаос деп аталат. Жаш кезинде үйлөнгөндөр эки башка багытта тарбияланса, анын үстүнө ата журту башка, тайлары бөлөк көз карашта болуп, баары бала тарбиялоодо оюн таңуулай берсе хаос келип чыгат. Тарбия берүү маселеси боюнча чүрпөңүздүн алдында талашып-тартышпаңыздар. Анткени кичинекей бөбөктөрдүн психологиясына чоң доо кетет. Себеби алар баарын жүрөгүнө жакын алып, үйдөгү талашта өзүн күнөөлүү сезишет. Зигмунд Фрейд көйгөйлөрдүн 90 пайызы балалыкта жатарын бекеринен айткан эмес.
— Достоевский бала төрт жашка чейин кандай болсо, андан кийин деле ошондой болорун айтыптыр. Негизи жогорудагы ыкмалардын адам катары калыптанышына кандай таасири тиет?
— Ооба, ошондой эле болот. Мисалы, авторитардык стилде тарбияланган балдар чоңойгондо башкалардын эмоциясын, жүрүм-турумун түшүнбөйт. Өзүнө ишенбеген адам болуп чоңоет. Анткени баласына эмнеге андай кылууга тыюу салганын, эмнеге мындай үн менен кайрылганын түшүндүрүшкөн эмес да. Кийин баарына эле "макул" дегени менен кимиси туура, кимиси акыйкат айткандыгын айырмалай албай калат. Булар өзүн-өзү сын көз менен карай албагандыктан бир нерсени анализдей алышпайт. Ата-энеси анын пикирин сурабай өстүргөндүктөн досунун деле, кесиптешинин деле сөзүн буйрук катары кабыл ала берет. Анан өзүн көзөмөлдөй албайт. Терс жактары көп, пассивдүү, алсыз жана агрессивдүү болуп калат. Убагында ал баланын тандоосу, каалоосу болгон, аны айткысы келген. Бирок ага ата-энеси жол берген эмес. Ошол убагында айтылбаган сөз аң-сезимдин түпкүрүндө басылып кала берип, кийин агрессия болуп чыгат. Бул жерде баланын эмоциясы көп жабыркайт. Анан өз алдынча боло албай калат. Либералдык стилде да ата-эненин гиперкамкордугу менен бала кийин өз алдынча чечим чыгарууда кыйналат.
Ал эми хаос стилде тарбиялангандар бала кезинде бир багыттуу тарбия албагандыктан системага түшпөгөн, чар-жайыт ойлонгон адамдар болот. Алар чечим кабыл аларда өзүнө ишенбей "сен кандай ойлойсуң?" деп башканын оюн сурай берет. Буларга өзүн бир калыпка салуу оор.
Демократиялык ыкмада тарбияланган балдар башкалардын оюна, эмоциясына кызыгат, көңүлүн карайт. Анткени ата-энеси чечим чыгарарда анын да оюн сурап, эсептешишкен да.
— Чыгыш тарбиясында баланы ар бир курагына жараша конкреттүү бөлөт. Негизи эле жаш куракка жараша да өзгөчөлүктөр болобу?
— Болот. Негизинен курактык психологияда бала жашына жараша калыптанып, жаңы нерселерди үйрөнөт. Үч, жети, 14 жаш кризистик мезгилдерге кирет. Жакындык, сүйүү, эмоционалдык берилүү ушул үч куракта тең маанилүү. Мисалы, үч жашына чейин мээрим эле төгүү керек. Бул куракта баланын эгосу калыптанып, "дүйнөнүн борборунда мен эле бармын, үйдө мен болгон үчүн апам бар" деген сыяктуу ойлонот. Анткени анын нейрондору, нерв системасы ордуна келе элек болот. Бул убакта баланы сындап, жаңы үйрөнгөн нерсеси үчүн шылдыңдабай, мээрим гана беришибиз керек. Бала тамырчы, ал баарын байкайт, ансыз да чоңойгон сайын турмушта канча жолу шагы сынат, сын угат. Ошол себептен үч-төрт жашка чейин баланы урушпай эле койгонубуз туура.
Эненин курсагында жатканда баары даяр эле да, сыртка чыкканда алгач аба жутуу да наристе үчүн оор болот. Кулагына үндөр угулат, ал эми курсакта жатканда энесинин жүрөгүнүн сокконун гана укчу. Ошентип биринчи жолу энеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосу башталат. Кийин эне менен жашоону тааныйт. Ошол себептен төрт жашка чейин энесинин жанында жүргөнү оң. Бул куракта бөбөктү таптап уктатуу керек, анткени ал буга чейин эненин жүрөгүн тыңшап уктаган да.
Бара-бара баланын ичинде толгон-токой суроо пайда болуп, дүйнөнү изилдегиси келет. Ошол кезде деле ток же башка кооптуу нерселерди кармоого балага тыюу салуу керек. Бирок сөзсүз себебин түшүндүрүү абзел. Анан алаксытып, башка жаңы нерселер менен тааныштырып, багыт берүү керек. Ошондой эле бир нерсени кармоого бирөө тыюу салдыбы, анда үйдөгүлөрдүн баары тыюу салышы керек. Себеби бирөө кармай бер, экинчиси кармаба десе баланын башы айланып, түшүнбөстүктөн багыты бузулат.
— Шаарда көбүнчө ата-энелер балдарынын эрте эле өз алдынча болушун каалап, сабактан тышкары 5-6 ийримге жаздырып койгондору бар. Ал бөбөктөрдүн ойногонго да убактысы жок болуп калат. Бул аны бышырабы, же тескерисинче, сындырып коюшу мүмкүнбү?
— Бул баланы сындырып коёт. Бир жагынан күчтүү болушу мүмкүн, бирок келечегине терс таасирин тийгизет. Ар бир ата-эне баласынын мыкты болушун каалайт. Ошентсе да адистер эч кимисине "сен туура эмес кылып жатасың" деп айта албайбыз. Ката кетирип алышы мүмкүн, бирок бул алардын тандоосу.
Наристе да белгилүү бир мүнөзү, потенциалы, сапаты менен дүйнөгө келет. Ата-энелерден чүрпөсүнүн бала чагын баладай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүсүн суранабыз. Баланы жети жашка чейин эле окутуп баштайбыз. Бирок алар ойноп, достору менен баарлашып деле көп нерсе үйрөнөт. Анан да жаратылышка эс алууга чыгууда камкордукту, суктанууну өздөштүрөт. Өспүрүм куракка чейин көп нерсени ата-энеси менен бирге үйрөнөт. Дүйнөнү энеси аркылуу тааныйт. Кичине кезинен эле баланы бийге, шахматка, математикага, спортко берип, баарын үйүп салабыз. Бирок айрым ата-энелер көзөмөлдү унутуп коёт. Бала сөзсүз бир тармактан мыкты болуп чыгат.
Көбүнчө ата-эне өзүнүн бала чагында жетпей калганын баласына таңуулашат. Авторитардык багыт менен тарбиялаган ата-энелер балдарын кыйнап бир кесипке окутуп койсо, ал кийин жумушунан рахат албастан чарчап, тез-тез депрессияга чалдыгып турат. Муну зордук-зомбулук айлампасы дейт. Ошол эле бала кийин өзү жетпей калганын баласына таңуулайт.
"Бакыт ордосу" борборунун педагог-психологу Айнек Муратбекова
© Фото / Аскат Чыналы
— Ата-эненин өксүгү баланын тарбиясында роль ойнойт экен да...
— Тарбия эне менен башталып, ата менен уланат жана коом менен бекемделет. Наристенин тарбиясындагы мүчүлүштүктөрдүн көрүнгөн жана көрүнбөгөн себептери болот. Мисалы, бала телефонго көнүп алса, бул көзгө көрүнгөн көйгөй болуп эсептелинет. Ал эми маселенин негизи, түпкүрү башкада жатышы ыктымал.
Эненин мойнунда да психологиялык жактан 28 жүк бар. Ар биринин жашоодо өз салмагы, оордугу, түйшүгү болот. Алардын эң оору энеге убагында эне макамынын берилбегени. Мисалы, баласын кайындарынын көзүнчө эркелете албайт же өз баласын тарбиялоого укугу жок. Же ага ишенишпейт. Ошондой эле карьерасы, аялдык бакыты, интимдик жашоосу калыбындабы, төрт жашына чейин жараат алган эмес беле, өзүн толук тааныбагандыгы болуп отуруп, эненин мойнунда 28 жүк жатат.
Баланын тарбиясында мүчүлүштүк кетсе, биз ушул маселе боюнча алгач энени изилдейбиз. Анан жообу табылат.
— Кээде бала жакшы чыкса атасын, жаман чыкса энесин айтышат эмеспи...
— Баары бир атанын үйдө авторитети чоң. Ата менен эне бири-бирин колдоп турса, тарбияга доо кетпейт. Бала апасынын сөзүн угуп, үлгү алышы мүмкүн, бирок көбүрөөк таасирди атасынан алат. Эне баланы атасы менен коркутпашы керек. Тескерисинче, үйдө анын зоболосун көтөргөнү оң. Бир нерсе керек болгондо бала алгач апасына келет. Акча сураса же бир жакка суранса "атаң менен кеңешейин, атаңдын чөнтөгүнөн алып берейин" десе, балада "аа, бизди камсыздаган атам, баарын ал чечет турбайбы" деген ой пайда болот. Бул жакшы, анткени баланын алдында атанын аброю өсөт. Мындай мээримди, мамилени көрбөгөн бала аталык мээримди, камкордукту билбей калат да, жетишпестикти башка адамдардан издеп баштайт. Көбүнчө мындай кыздар өзүнөн улуу адамга турмушка чыгууну каалашат же чечим кабыл аларда жашы улуу адамдарга көз каранды болуп калат. Атанын үйдө орду чоң. Атасы каза болуп калган же таштап кеткен үй-бүлөлөр тууралуу айта албайбыз. Бирок ата бар үйдө энелер ушул ыкманы колдонуп койгону туура.