БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов өз ыктыяры менен арыз жазып ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Ал калаа башчылыгына өткөн жылдын 29-ноябрында дайындалган болчу.
Курбанов 39 жашта, мэрлик кызматка келгенге чейин Кадамжай районунун акиминин орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков кылмышка шектелип иштен алынган. Кийин Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлаган. Бирок бир күн өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Себеби жаңыдан күчүнө кирген “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга ылайык, мэр менен акимдер президент тарабынан дайындалмак.