Өрттөн кийин да иштеп турган. Бишкектеги кооптуу кампаны жабышты

Борбор калаадагы Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишиндеги кампадан өрт чыккан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Мурда ири өрт чыккан, Бишкек шаарында жайгашкан күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа жабылды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Мурда ири өрт чыккан, Бишкек шаарында жайгашкан күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа жабылды

2 / 3

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишиндеги күйүүчү, майлоочу май турган кампада көчмө жыйын өткөрдү

3 / 3

Эске салсак, былтыр декабрь айында аталган объектиде ири өрт чыккан. Андан эки жыл мурда ошол эле жерде уюлгуган кара түтүн менен жалын асманга көтөрүлгөн эле.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишиндеги күйүүчү, майлоочу май турган кампада көчмө жыйын өткөрдү.
Эске салсак, былтыр декабрь айында аталган объектиде ири өрт чыккан. Андан эки жыл мурда ошол эле жерде уюлгуган кара түтүн менен жалын асманга көтөрүлгөн эле.
Мэриядан ал кырсыктардан кийин деле кампа жабылбай иштеп келгендигин айтышты. Жыйындын соңунда тергөө иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды. Ал эми кожоюндарына товарларын алып чыгып кетүүгө убакыт берилген.
Акылбек Жапаров сыноо үчүн жиберилген беларус автобусун көрдү