Кыргызстандык спортчулар ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки коло утту. Сүрөт

Спорттук иш-чара 22-январдан 29-январга чейин болуп, ага 60тан ашык мамлекеттин спортчулары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Абу-Дабиде өткөн ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки коло медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн ММА федерациясынан кабарлашты.
Кыргызстандык спортчулар Абу-Дабиде өткөн ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки коло медаль тагынды
Ага ылайык, спорттук иш-чара 22-январдан 29-январга чейин болуп, ага 60тан ашык мамлекеттин спортчулары катышкан. Кыргызстандан беш мушкер барганы маалым болду.
Мелдеште Бектур Асылбеков 83,9 килограмм салмак категориясында коло утса, Рамазан Рагимов колону 61,2 килограмм салмак категориясында алган.
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги