Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда канча түгөй баш кошору айтылды

Бул айда 14-февраль (Сүйүшкөндөр күнү) дагы бар. 177 түгөй дал ушул күнү баш кошо турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда 281 түгөй үйлөнүүнү пландоодо. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Февралдагы алгачкы окшош жана өзгөчө дата эртең болот — 02.02.2022. Бул күнгө тогуз түгөй арыз таштаган. Ал эми 98 жуп экинчи — 22.02.2022 "кооз" датада баш кошуу ниетинде.
Бул айда 14-февраль (Сүйүшкөндөр күнү) дагы бар. 177 түгөй дал ушул күнү баш кошо турганын билдиришкен. Былтыр бул күнү 30 гана түгөй үйлөнгөн. Арыз бергендердин көбү Бишкек шаарынан экени айтылды.
Радио
Эргешов: үй-бүлө институтун чыңдоочу борбор түзүлдү