Жогорку соттун төрайымы иштен кетүү боюнча арыз жазды. Себеби

Маалыматта жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөнү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровдун атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
Маалыматта жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөнү белгиленген.
"Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жагдайга байланыштуу Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алган.
160 миң сомдук айлык. Жогорку сот маянанын көтөрүлүшү боюнча түшүндүрдү